Жарыяланган 2.08.2023

Кыргызстан менен Азербайжан пенсия менен камсыз кылуу жаатында тажрыйба алмашышты: өнөктөштүк жана келечекке болгон перспективалар

Кыргызстан менен Азербайжан пенсия менен камсыз кылуу жаатында тажрыйба алмашышты: өнөктөштүк жана келечекке болгон перспективалар

2023-жылдын 1-2-августунда Бишкек шаарында 2022-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протоколдун алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрү менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине караштуу Социалдык коргоо мамлекеттик фондунун башкармалыгынын төрагасы Гималай Габиль оглу Мамишев баштаган делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун алкагында Тараптар 2023-2024-жылдар аралыгында жогоруда көрсөтүлгөн кызматташуу жөнүндө протоколду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына кол коюшту.

Ошондой эле, калкты пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу, пенсиялык системаны финансылык жактан камсыздоону уюштуруу чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча мыкты практикалар жана тажрыйба алмашуу алкагында эки тараптуу консультациялар өткөрүлүп, мамлекеттик пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүн реформалоо жөнүндө маалымат алмашуу болду.

Азербайжан тарап пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тажрыйбасын колдонуп жатканына токтолду. Себеби, Азербайжан акча каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга жана коммерциялык банктардагы депозиттерге инвестициялоо процессин ишке киргизген.

Мындан тышкары, тараптар тажрыйба алмашуудан тышкары да  кызматташтыктын алкагында биргелешкен изилдөөлөрдү жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушуу достук жана ишкердик маанайда өттү.