Жарыяланган 27.07.2023

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттин топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 4 164 381,6 миң сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 3 880 591,8 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-15,0% болгон.

2023-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 760 491,1 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 256 958,8 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 19 583,9 миң сом.
Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 037 033,8 миң сом киреше алынган.