Жарыяланган 11.07.2023

Курулуш компаналиялардын кызматкерлери пенсия тууралуу маалыматтарды кызыгуу менен угушту

Курулуш компаналиялардын кызматкерлери пенсия тууралуу маалыматтарды кызыгуу менен угушту

Мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө ар тараптуу көмөк кылып, алдыга жылдыруу баарыбыздын милдет.  Өлкө өнүксүн деген девиздин алдында КР Социалдык фонддун алдындагы “Окуу Борбору” мекемесинин адистери, окууларды тынбай өткөрүүнүн үстүндө.  Кыргызстандын бардык шаарларында дагы окуулар план боюнча өтүлүп жатат.

Биздин кызматкерлер Бишкек шаарыбыздагы “Елизавета, “Турпан строй”, “Эмарк строй” курулуш компанияларынын башкы кеңселерине барып, пенсия тууралуу кенен айтып беришти. Курулуш тармагындагы жумушчулар үчүн дагы бул сабактар керек, бирок иш токтоп калбасын деген өтүнүчтөрдөн улам, компанияларда иштеген кызматкерлерге, жетекчилерине дагы пайдалуу маалыматтар менен бөлүштүк. 

Суроо-жооп талкуулар дагы болду. Берилген суроолор: “жогорку окуу жайды бүткөн жылдар эмгек стажга киреби,  топтомо бөлүктүгү каражатты жылдап күтпөй ала берсе болобу,  пенсия төгүмдөр тууралуу маалыматты онлайн форматта көрө алабызбы, ипотекага пенсиядан которсо болобу ж.б”? Ушул багыттагы суроолор арбын болду. Айрым компаниялар үй салып жаткан жумушчулар үчүн дагы окуу уюштуруп берели деп убада кылышты.

 

“Окуу борбору” мекемеси жайкы эс алуу учуруна карабай пландагы иштерин активдүү аткарууда. Атап айтсак Бишкек шаарындагы курулуш компанияларын кыдырып, пенсиялык сабаттуулук боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, адистерибиз суроолорго жеринде жооп берип турушат. Андан сырткары телефон аркылуу же онлайн форматта дагы суроо берип чалып сурагандарга дагы кеңештерин, жардамдарын беришет.

“Авангард стиль”, “Ихлас”, “Нур-строй-монтаж” компанияларында эмгектенгендердин көбү жаштар жана пенсия курагына жашы азырынча жете электер. Аларга биздин маалыматтар аба суудай эле керек экени белгилүү болду. Себеби баардык мекеме, ишкана, компаниялардын аткарган иштеринин натыйжасында мамлекетке салыктар жыйналып, андан пенсияга дагы төгүм катары которулуп турары белгилүү. Окуулардын жүрүшүндө дайыма берилип туруучу суроолор арбын.  Мисалы,  “Топтомо бөлүгүндөгү акчамды кантип алсам болот, топтомо бөлүгүн алгандан кийин дагы чогула береби, пенсия алып жүргөн адамдын көзү өтүп кетсе, пенсиясы кимге берилет, такыр алынбай калсачы, азыркы эмгек стажылар кандай эсептелинет, топтомо бөлүктөгү акчамды жеке компаниядагы ипотекага которсом болобу”?  Аталган суроолорго Окуу борбордун башкы адиси Эльмира Оморова  кеңири жооп берди.  Сурооңуздар болсо ушул жерге жаза кетиңиздер