Жарыяланган 30.06.2023

Ош жана Кызыл-Кыя шаарынын жеке ишкерлерине окуу-семинар өткөрүлдү

Ош жана Кызыл-Кыя шаарынын жеке ишкерлерине окуу-семинар өткөрүлдү

Ош шаарынын «Дармек фарм» ЖЧКсынын жана Кызыл-Кыя шаарынын «Түштүк  Кыргыз цемент» ЖАКнун  жетекчилеринин кайрылуу каттарынын негизинде,  Кыргыз  Республикасынын  Социалдык фондунун «Окуу борбору» мекемеси тарабынан жеринде окуулар  өткөрүлдү.  Ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, пенсия чектөө, топтомо фонддун каражаттары жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери тууралуу кеңейтилген форматта дагы окуулар өткөрүлдү. Жарандардын суроолоруна тийешелүү жооптор берилди.

Ош шаарында жайгашкан “Дармек фарм” ЖЧКсынын директору ишканада иштеген кызматерлерине баардык шарттарды түзүү менен катар алардын сабаттуулугун жогорулатуу максатында, алардын айлыктарынан кармалып жаткан камсыздандыруу төлөмдөрү алардын түздөн түз келечектеги пенсияларынын өлчөмүнө таасир берээрин, жеке эсебиндеги каражаттарын билүү керектигин белгилеп, социалдык фонддун адистерине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле жеке ишкерлерди колдоо максатында алардын тарифтерин дагы азайтып берүүнү сунуш катары билдирип коюуну суранды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарында, “Түштүк Кыргыз цемент” ЖАКнун адистерине Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамында көрсөтүлгөн жеңилдетилген пенсиялар боюнча, 1-жана 2-тизме боюнча кеңири түшүндүрмө берилип, аларга кайсы нормативдик актылар колдонулаары, 2-Тизме боюнча пенсия мекеме аркылуу кандай чектелет, кайсы бөлүктөрү ким аркылуу төлөнөөрү тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Ошол эле учурда, ишкананын эсепчиси пенсионерлерден топтомо фондуна кармалып кеткен каражаттарын кайтаруу маселеси көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгын билдирип, бул көйгөйдү чечүүгө жардам берүүнү суранды.

#соцфонд #пенсия #топтомопенсия #еэаб #еаэс #ипотека #выплатапенсии #назначениепенсии #пенсиянычектөө #накопительнаяпенсия #пенсиянаипотеку #учебныйцентр #окууборбору #коллцентрсоцфонда #кыргызстан #инвестированиесредств