Жарыяланган 6.06.2023

Социалдык фонд коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планын иштеп чыкты

Социалдык фонд коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планын иштеп чыкты

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү максатында, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2218-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2023-2025-жылдары коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планы (мындан ары – План) иштелип чыкты.

Планды бекитүүгө багытталган буйрукка ылайык Социалдык фонддун түзүмдүк, ведомстволук жана региондук бөлүмдөрүнө белгиленген конкреттүү иш-чараларды көрсөтүп Пландын негизинде коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана профилактика боюнча тийиштүү ведомстволук планды даярдоо жана бекитүү тапшырмасы берилген. Планды жана ведомстволук пландарды ишке ашыруунун жыйынтыктары квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейин Социалдык фонддун коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу дарегине жиберилет.

Планга ылайык төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каралган:

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо;

- ЧУА, башкаруучулук жана финансылык чечимдерде коррупциогендик ченемдерди жана механизмдерди табуу жана чететтүү;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө сервистүүлүктү жакшыртуу;

- иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жана Социалдык фонддун кызматкерлеринин арасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү жана коррупцияга каршы үгүттөө иштерин жүргүзүү.

Пландын стратегиялык көрсөткүчү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишиндеги коррупциялык практикаларды жоюу.

Пландын максаттуу индикаторлору:

- 2022-жылдын деңгээлине карата калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу;

- 2022-жылдын деңгээлине карата Социалдык фонд үчүн «Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк» индексин жогорулатуу.

Ички контроль: коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, төрага, коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиялар, башкарма, планды ишке ашырууга тартылган түзүмдүк, региондук жана ведомстволук бөлүмдөр.

Тышкы мониторинг: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы иштиктүү кеңеш, жарандык коом, бизнес-ассоциациялар, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар.

http://socfond.kg/ru/about_fund/anticorruption/