Жарыяланган 13.05.2023

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө.

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө.

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Учурда 38 жаранга пенсия чектелди, анын 32си Россия Федерациясынын, 6сы Казакстан Республикасынын жарандары. Ошондой эле Россия Федерациясы Кыргызстандын беш жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.