Жарыяланган 30.03.2023

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Социалдык фонд 2023-жылдын январь- февраль айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 915 134,2 миң сом инвестициялаган.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 200 000,0 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,8% болгон.

2023-жылдын январь-февраль айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 481 939,3 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 57 746,1 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 6 105,8 миң сом.

Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-февраль айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 545 809,2 миң сом киреше алынган.