Жарыяланган 26.12.2022

Окуу борборунун демейки күндөрү

Окуу борборунун демейки күндөрү

Окуу борборунун демейки күндөрү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси тарабынан пенсия менен камсыздоо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында «Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө» маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

2022-жыл ичинде пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча лекцияларга 6021 министерство-ведомстволордун, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана студенттер катышышты.

Бул окуулардын жүрүшүндө Окуу борборунун кызматкерлери катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берип, атайын чыгарылган буклеттер да таркатылды.

Ошондой эле Окуу борборунун кызматкерлери Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык колледжи тарабынан уюштурулган. И.Арабаева «Заманбап рыноктун шартында кадрларды даярдоо боюнча ишканалар менен колледждин кызматташуусунун келечеги» деген темадагы конференцияга катышылды.

КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин биргелешкен Буйругун ишке ашыруу максатында мындай иш-чаралар жыл сайын мурда түзүлгөн график боюнча уюштурулуп турат.