Жарыяланган 12.10.2022

Кыргызстандын Соцфонду менен Азербайжандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосунда Протоколго кол коюлду.

Кыргызстандын Соцфонду менен Азербайжандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосунда Протоколго кол коюлду.

2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана  Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги менен  Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлду (мындан ары – Протокол).

Протоколдун негизги максаты  биздин мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагында  өз ара тең үзүрлүү кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Протоколдун алкагында социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар ж.б. тармактарда кызматташуу  жана тажрыйба алмашуу каралат.

Кол коюлган документ жалпы кызыкчылыктарга кызмат кылат жана Тараптардын динамикалуу өнүгүп жаткан жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүүсүн эске алуу менен эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт, ошондой эле ведомстволор ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жардам берет.