Жарыяланган 30.09.2022

КР Соцфондунун төрагасы Бактияр Алиевдин карылар күнү менен куттуктоосу!

КР Соцфондунун төрагасы Бактияр Алиевдин карылар күнү менен куттуктоосу!

1-октябрда өлкөбүздө Эл аралык карылар күнү белгиленет.

Бул күнү улуу муундун жарандарына бардык деңгээлде өзгөчө көңүл бурулуп, камкордук көрүлөт. КР Социалдык фонду да четте калган жок. Биздин кызматкерлер пенсионерлерибиздин эртеңки күнгө ишенимдүү болушу, камкордукту жана көңүл бурууну сезүүсү үчүн колдон келген баардык аракетти кылышат.

Социалдык фонд улуу муундагы жарандарды өз убагында пенсия менен камсыз кылууда.

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 1780 сомдон 3170 сомго чейин көтөрүлүп жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 15%га индексациялоо каралган.

Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2022-жылдын                 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түзөт. Боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзөт, бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33%га же 1988 сомго жогору.

Урматтуу биздин аталар жана апалар, Сиздерди карылар күнү менен чын дилимден куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр, бакубат жашоо, жакшы маанай, жакындардын мээримине бөлөнүп эле жүрө беришиңиздерди каалайм!

Урматтоо менен,

КР Соцфондунун төрагасы Бактияр Алиев.