Жарыяланган 27.09.2022
Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.
Социалдык фонд 2022-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-15,5% жылдык кирешелүүлүгү менен 4 549 066,7 миң сом инвестициялаган. МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 3 309 937 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.
Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы 7 859 003,7 миң сом инвестицияланган.
Отчеттук мезгилде 1 293 472,7 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 2 680 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.
2022-жылдын январь-август айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 901 777,3 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 383 631,1 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 4 625,4 миң сом.
Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 290 033,8 миң сом киреше алынган.