Жарыяланган 1.06.2022

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү т

 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү т

 

 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө

Кабарлама

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу башталгандыгы жөнүндө кабарлайт.

  1. Сунушталган жөнгө салуу чечүүгө багытталган көйгөйлөрдүн сыпатталышы:

Көйгөй: Төлөөчүлөрдүн эң көп сандаган категориясы болуп жердин аянтына жана асылдуулугуна жараша символикалык белгиленген чендер боюнча (айына орточо 7,7 сом) төгүм төккөн дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү (38,4%), саналат. Дыйкан (фермердик) чарбалардын үлүшү жалпы түшкөн төгүмдөрдүн болгону 0,7% түзөт,  бирок аларга пенсия төлөөгө Пенсиялык фонддун бюджетинин 40% кетет.

Ошентип алардын пенсиясынын өлчөмү камсыздандыруу бөлүктөрдөн эмес негизинен пенсиянын базалык бөлүгүнөн турат, бул актуардык теңдемсиздикти, пенсиянын төмөндүгүнө негизсиз нааразычылыктарды, олуттуу жогорулатуу талаптарын, пенсиялык системадагы кайра бөлүштүрүү учурларын жаратат.

Ушуга байланыштуу калктын бардык категориялары үчүн пенсиялык системанын бирдиктүүлүгү экономиканын ар кандай тармактарындагы иш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дифференциацияланган чендерине карама-каршы келет, бул пенсиялык системада актуардык теңдемсиздикке алып келет.

  1. Сунуш кылынган жөнгө салуунун максатынын жана көйгөйлөрдү чечүү

ыкмаларынын сыпатталышы:

Камсыздандырылган жарандардын ар кандай категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жана кайра бөлүштүрүүчү учурларды азайтуу аркылуу майнаптуулугун  жогорулатуу жана пенсиялык системада актуардык теңдемсиздик көйгөйүн чечүү жөнгө салуунун максаты болуп эсептелет.

Чечүү ыкмасы.

1 га ашкан жер үлүшүнө ээ ДФЧ үчүн кыскартылган ОАЭ 6% тарифи менен милдеттүү  камсыздандыруу, ушуну менен 1 га чейинки жер үлүшүнө ээ ДФЧ камсыздандырууну  ыктыярдуу төлөө укугун берүү менен  аларды камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу сунушталууда.

 3.Сунушталган жөнгө салуунун күтүлгөн пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуп сыпаттап берүү):

            ДФЧ үчүн жөнгө салуунун сунушталган варианты пенсиялык укуктарды калыптандыруу шарттарын оптималдаштырууну жогорулатууга жана  камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүнүн көбөйүшүнө жана анын натыйжасында камсыздандырылган жарандардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруусун татыктуу камсыздоого жардам берет.

Мүмкүн болгон жагымсыз кесепеттерин баалоо:

Терс  кесепеттер  — жок

4.Сунуш кылынган жөнгө салуунун даректелүүчүлөрү – ишкердик субъекттердин санынын мүнөздөмөсү жана баалоосу:

- 2015-жылга чейин жер салыгынын базалык ченинен жылына орточо 315 сом (же айына 26 сом) жүргүзүлгөн.

- 2015-2016-жж. аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык эмгек акыга байланган тарифтик чендер боюнча орточо 1 га үчүн жылына 700-800 сомдон төлөнгөн.

- 2017-жылдан баштап орточо айлык эмгек акыдан белгиленген чендердин ордуна жер салыгынын базалык чендерине окшош камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери белгиленген.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүндө (38,2 млрд сом) ДФЧ түшкөн төгүмдөрдүн салыштырма салмагы (0,3 млрд сом) 2021-жылы 0,7%ды түздү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн  төлөө: уюшкан сектор – ай сайын 5506 сом (ЭТФдан 27,25%), ДФЧ – ай сайын 48 сом.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төмөн чегерүүлөрүн жүргүзүү менен, жарандардын көрсөтүлгөн категориясы калган камсыздандырылган адамдардай эле көлөмдөгү пенсиялык укуктардан пайдаланат, аларга пенсия төлөөгө жалпы керектөөлөрдүн (жалпы керектөөлөр – 50,6 млрд. сом) 40% кетет, ал Пенсиялык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана 0,3 миллиард сому (0,7%) гана ДФЧнын төгүмдөрүнүн эсебинен жабылат.

5.Сунуш кылынган жөнгө салуунун потенциалдуу даректелүүчүлөрүнүн анын

киргизилиши менен байланышкан кошумча чыгымдарынын жана пайдаларынын болжолдуу баасы:

Ошону менен бирге татыктуу карылыкты камсыз кылуу, өтө жакырчылык тобокелдигин азайтуу үчүн ДФЧ үчүн  СФ ФПФга төлөө өтө пайдалуу экендигин эске алып, 1 га чейин ДФЧ  камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө укугун берүү менен  аларды камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу сунушталууда.

1 гектардан ашык жери бар ДФЧ жаңы тарифке өтөт (ДФЧ ар бир мүчөсүнө 1 га ашык), алардын саны ДФЧ жалпы санынын 7,2% же 31 миңден ашык адамды түзөт.

Пенсия курагына жеткенде ДФЧ төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү жана базалык бөлүгү дайындалат.

Сунушталган чаралар камсыздандырылган жарандардын ар кандай категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жана кайра бөлүштүрүү учурларын минималдаштыруу аркылуу майнаптуулугун жогорулатуу жана пенсиялык системадагы актуардык теңдемсиздик көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет.

6.Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарынын жана пайдаларынын болжолдуу баалоосу:

Социалдык пенсияларды төлөөгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт, анткени азыркы учурда ДФЧ мүчөлөрүнүн пенсиясынын 99% республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнүүчү пенсиянын базалык бөлүгүнөн турат.

 

 Төмөнкү суроолорго жооп берүүнү суранабыз:

  • көрсөтүлгөн көйгөйлөр туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы?
  • көрсөтүлгөн максат негиздүүбү, жетүү үчүн маанилүүбү?
  • сунушталган жөнгө  салуу көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу ыкмасы болуп эсептелеби?
  • сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай пайдалар жана артыкчылыктар болушу мүмкүн?

• сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер жаралышы мүмкүн?

  • көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү, майнаптуу ыкмалары барбы?
  • сунушталган жөнгө салууга карата сиздин жалпы пикириңиз.

 

 

Билдирүү маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөр

1.    Сунуш кабыл алынды:

 

электрондук почта аркылуу

e.raiymkulov@sf.kg

почта дареги аркылуу

 (Бишкек ш., Радищев көч., 62)

2.Сунушту кабыл алуунун акыркы мөөнөтү  

30-июнь 2022-жыл

3.    Сунуштардын жана жооптордун реестрин Социалдык фонддун сайтында жайгаштыруунун акыркы мөөнөтү

 

 

30-июнь 2022-жыл

 

    

 

Кабарламанын жарыяланган күнү  —    2022-жыл 1-июнь