Жарыяланган 26.07.2022

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылдын январь-июнь айларындагы ишинин жыйынтыктары тууралуу пресс-кон

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылдын январь-июнь айларындагы ишинин жыйынтыктары тууралуу пресс-кон

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылдын январь-июнь айларындагы ишинин жыйынтыктары тууралуу пресс-конференцияда айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин жалпы кирешеси 37 905,3 млн. сомду түздү же 2021-жылдын 1-жарым жылына салыштырмалуу 123,8%га (7 291,8 млн. сомго) көбөйдү.

2022-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 23 849,7 млн. сомду түздү. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 126,5%га же 5 000,3 млн. сомго өстү.

Аскер кызматчыларына пенсия төлөп берүүгө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2022-жылдын январь - июнь айларында 13 853,8  млн. сом суммасында түштү, анын ичинде 2022-жылдын июнь айында 2 257,7  млн. сом.  

2022-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 728 164 адамды түздү, анын ичинен: 207 920 адам же жалпы санынын 29% “Кыргызпочтасы” Мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу, 520 244 адам же 71% республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат. 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин жалпы чыгымдары алдын ала маалыматтар боюнча 32 924,6 млн. сомду түздү. 2021-жылдын 6 айына салыштырмалуу бюджеттин чыгымдары 3 336,3 млн. сомго же 111,3%га көбөйдү.

Пенсиялык фонд боюнча чыгымдар 29 817,4 млн. сомду түздү, 2021-жылга салыштырмалуу өсүш 2 626,2 млн. сомду түздү, бул пенсиялардын жыл сайын жогорулашы менен шартталган.

Отчеттук мезгилде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 1 537,6  млн. сом суммасында каржыланды. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 300,0  млн. сом суммасында каржыланды.

Бул жылдын январь-июнь айларына пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 27 326,8 млн. сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма 2 395,1 млн. сомго көбөйдү.

2022-жылдын январь - июнь айларында жалпысынан 35 930 пенсиялык иш чектелди жана кайра эсептелди (анын ичинде жаңы дайындалганы –  29 444, кайра эсептелгени – 6 486).  

Соцфонддун эл аралык иши тууралуу маалымат

ЕАЭБ

2021-жылдын 1-январында тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россия Федерациясынын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Бул Макулдашуунун алкагында 2022-жылы 10 жаранга, анын ичинен Россия Федерациясынын 9 жаранына, Казакстан Республикасынын 1 жаранына пенсия чектелген.

Түркия.

2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирди.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында түрк тараптан иш стажы жөнүндө 94 суроо-талап, алардын 2022-жылдын 1-жарым жылдыгында – 41 жиберилген, 91 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.

Корея.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 73 адамды, анын ичинде 2022-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилде 6 адамды түзөт, алардан 64 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3142 АКШ долларын түздү.