Жарыяланган 18.05.2022
Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.
Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.
Социалдык фонд 2022-жылдын январь-апрель айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-15,0% жылдык кирешелүүлүгү менен 1 724 942,1 миң сом инвестициялаган.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 1 050 000 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,0% чегинде болгон.
Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы 2 774 942,1 миң сом инвестицияланган.
Отчеттук мезгилде 271 065,9 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 720 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.
2022-жылдын январь-апрель айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер - 736 433,8 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 196 052,1 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 2 959,3 миң сом.
Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-апрель МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 935 445,2 миң сом киреше алынган.