Жарыяланган 9.02.2017

Социалдык фонд пенсиянын базалык бөлүгүн дайындоо принцибин өзгөртүп, пенсионерлерди социалдык коргоону күчөтүүнү сунуш кылат

Пенсиялык системанын майнаптуулугун жогорулатуу, пенсияларды дайындоодо камсыздандыруу принциптерин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсия менен камсыз кылууну жогорулатуу максатында Социалдык фонд тарабынан камсыздандыруу принциптерин күчөтүүнүн жаңы ченемдерин караган мыйзам долбоорлору иштелип чыкты.     

Мыйзам долбоорлору КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылы
9-февралда 1-окууда каралды.

Биринчи мыйзам долбоору менен жаңыдан пенсияларды дайындоодо эгерде пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү пенсионердин 3 жашоо минимумунан ашса пенсиянын базалык бөлүгүн дайындабоо сунушталууда. Пенсиясынын өлчөмү ПЖМ ашпаган пенсионерлердин гана пенсиясынын базалык бөлүгү индексацияланат. Бул базалык бөлүгүнүн үлүшү аз болгондуктан жарандарды – дыйкандарды, фермерлерди, майыптарды жана башка эмгек акысы аз адамдарды социалдык жактан коргоону күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Экинчи мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат:

  • инфляцияны жана орточо айлык эмгек акынын өсүшүн эске алып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жана жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринде  топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын жыл сайын индексациялоо; 
  • 1-топтогу майыптардын пенсиясынын жалпы өлчөмүн өткөн календардын жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан төмөн эмес белгилөө.

Мындан сырткары камсыздандыруу стажына жараша минималдык эмгек акыны көбөйтүү аркылуу эмгек акы жөнүндө маалыматтар жок болсо пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн ЖЭ1 эсептөө методу жөнөкөйлөтүлөт.   

Бул мыйзам долбоорлору аз камсыз болгондордун, ошондой эле  пенсиялык системага көп чегерүүлөрдү жүргүзгөн жарандардын кызыкчылыктарын коргойт жана күчөтөт.