Жарыяланган 4.04.2022

Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо маселесин талкуулоо боюнча кереге кеңеш өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо маселесин талкуулоо боюнча кереге кеңеш өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо маселесин талкуулоо боюнча кереге кеңеш өткөрүлдү

2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан уюштурулган пенсиялык системасын реформалоо маселесин талкулоо боюнча кереге кеңеш өткөрүлдү.

Кереге кеңешке Кыргыз Республикасынын Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынан, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун, ошондой эле эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, чакан жана орто бизнестин ишкерлери катышты.

Пенсиялык системанын бардык катышуучулары үчүн бирдей укукту камсыз кылуунун жана социалдык камсыздоонун принциптерин күчөтүүнүн эсебинен пенсиялык системанын  адилеттүүлүгүн жана майнаптуулугун жогорулатуу, реформалоонун негизги максаты экендиги белгиленди.

Ошондой эле пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун жана жарандарыбыздын татыктуу карылыгын камсыз кылган өзгөрүүлөр болоору айтылды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун презентациясында толугу менен өлкөнүн экономикасына көз каранды болгон пенсиялык системанын негизги көйгөйлөрү так чагылдырылып, пенсиялык жана тарифтик саясатты, анын ичинде пенсиялык системанын топтоо компонентин реформалоо боюнча конкреттүү кадамдар көрсөтүлүүдү.