Жарыяланган 25.03.2022

Жекече эсепке алуу

Жекече эсепке алуу

Жекече эсепке алуу

Бүгүнкү күндө республика боюнча 6618,5 миң адам (республиканын жалпы калкынан 98,4%) жекече эсепке алуу менен камтылган. 2022-жылдан бери 43607 жаран жекече эсепке алуу системасына катталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна ылайык Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд (МТПФ) жана инвестициялык кирешени эсепке алуу менен өздүк камсыздандыруу эсептеринен көчүрмөлөрдү берүү боюнча иш дайыма жүргүзүлүп келет. Жыл башынан республика боюнча МТПФ төлөмү үчүн көчүрмөлөрдү алгандардын саны 1707 адамды түздү.

Ошондой эле, 2015-2018-жылдар үчүн МТПФнын каражаттарынан инвестициялык кирешенин кошумча суммасын төлөө үчүн көчүрмөлөр түзүлгөн, алардын жалпы саны - 131 906, 2022-жылдын январь-февраль айында  - 1 726 түздү.  

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 710 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК, коммерциялык банктар менен бирдикте өздүк камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада пенсиялык топтоолору болсо, жеке турак-жайы жок болсо, ипотекалык насыя алган адамдарга пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча иш алып барууда, акыркы убакта кайрылган жарандардын саны өсүүдө, алардын саны 152 адамды түздү.

«Кыргызстан» ТПФсына каражаттарын которуу үчүн кайрылгандардын саны -770 адамды, «Дордой Гарант» НПФсына - 408 адамды түздү.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Социалдык фонддун порталында «Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети» тутуму иштелип  чыкты жана ушу тапта иштеп жатат, анда жарандарга электрондук түрдө ар кандай маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү берилген (өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат, пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымат, пенсия алгандыгы жөнүндө маалымкат ж.б.) Бүгүнкү күндө бул кабинет аркылуу 171 615 адам катталган.