Жарыяланган 14.03.2022
Соцфонд 2022-жылдын январь-февраль айларында 12585 жаранга пенсия чектеди.
Соцфонд 2022-жылдын январь-февраль айларында 12585 жаранга пенсия чектеди.
2022-жылдын жалпы январь-февраль айларында 12585 жаранга пенсия дайындалып чектелди жана кайра эсептелинди.
Ошонун ичинде 2022-жылы февраль айында 4114 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1191 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.