Жарыяланган 31.01.2017

Башкаруучу компанияны же топтолмо пенсиялык фондду тандоо укугу

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

камсыздандырылган адамдардын башкаруучу компанияны же топтолмо пенсиялык фондду тандоо укугун жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө билдирет. Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу өзүнүн пайдасы үчүн жүзөгө ашырылган жеке адам.

         Башкаруучу компанияны тандоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө чагылдырылган камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарын (кызматкердин эмгек акысынын эсебинен 2% өлчөмүндө түзүлгөн пенсиянын топтоо бөлүгү) өткөрүп берүү жүргүзүлөт. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурстан өтүп жана  Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен жогоруда көрсөтүлгөн келишимин түзгөн  башкаруучу компаниялардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун региондук органдарынын маалымат тактасында көрсөтүлөт.

         «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, камсыздандырылган адамдар өзүнүн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкаруусунда калтырууга же  топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияны тандап алууга укуктуу.

         Ошондой эле өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтоо фондунан башкасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жылына бир жолудан көп эмес которууга укуктуу.

         Камсыздандырылган адам топтоо пенсиялык фондун тандоо жөнүндө арыз берген учурда, арызга топтоо пенсиялык фонду менен камсыздандырылган адамдын ортосунда түзүлгөн милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү тиркелет.

         Башкаруучу компанияны же топтолмо пенсиялык фондду тандоо үчүн камсыздандырылган адамдар белгиленген формадагы арыздын толтурулган бланкын катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына берүүсү керек. Арыздын бланкын Социалдык фондунун региондук органынан алууга болот.

         Толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук башкармалыктарынан жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 1202 call-борборунун кыска номери аркылуу алсаңыз болот.