Жарыяланган 19.11.2021

Кошумча кесиптик билим берүү жана кесиптик билим жогорулатуу тенденциялары

Кошумча кесиптик билим берүү жана кесиптик билим жогорулатуу тенденциялары

Кошумча кесиптик билим берүү жана кесиптик билим жогорулатуу тенденциялары

2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору мекемеси тарабынан уюштурулган on-line жана off-line форматында, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Азербайжан жанаУкраина мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда, «Кошумча кесиптик билим берүүнүн заманбап тенденциялары: түшүнүүдөн ишке ашырууга чейин» аттуу эл аралык конференцияга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун “Окуу борборунун” кызматкерлери катышышты.

Конференциянын максаты кошумча билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана көйгөйлөрүн аныктоодо илимий, практикалык күч-аракетин бириктирүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу болду.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Окуу борборлорунун өкүлдөрү баяндама жасашты.

Баяндамачылардын айтымында, кошумча кесиптик билим берүүгө лицензия алууда, тендерлерди өткөрүүдө, эффективдүү окутууда экспертизалардын анализинин жоктугу, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн каржылык ресурстардын жетишсиздиги сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр бар.

Конференциянын катышуучулары Google сурамжылоодон өтүштү, анда кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууда жана кошумча кесиптик билим берүүнү уюштурууда келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн бардык суроолору жана көйгөйлөрү чагылдырылган.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармалыгынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 90 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бардык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу каралган. Окуу борбору мекемеси 2021-жылдын октябрынан баштап аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну он-лайн форматта өткөрүп келет.