Жарыяланган 17.11.2021

Соцфонддун өкүлдөрү "КМШ өлкөлөрүндө жана Грузияда пенсиялык камсыздоону өнүктүрүүнүн келечег" деген темада тегерек столго катышты.

Соцфонддун өкүлдөрү "КМШ өлкөлөрүндө жана Грузияда пенсиялык камсыздоону өнүктүрүүнүн келечег" деген темада тегерек столго катышты.

Социалдык фонддун өкүлдөрү "КМШ өлкөлөрүндө жана Грузияда пенсиялык камсыздоону өнүктүрүүнүн келечеги" деген темада тегерек столго катышты.

Эл аралык пенсиялык жана социалдык фонддор ассоциациясынын чакыруусунун алкагында 2021-жылдын 10-13-ноябрында Россия Федерациясынын Москва шаарында Социалдык фонддун кызматкерлери “КМШ өлкөлөрүндө жана Грузияда пенсияны өнүктүрүүнүн келечеги” темасында тегерек столго катышты.

Тегерек стол эл аралык социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо институттарынын жетекчилеринин катышуусу менен социалдык камсыздоо жаатындагы маанилүү эл аралык иш-чаралардын бири болуп саналат. Тегерек столдо карыган коомдо социалдык коопсуздуктун алдында турган негизги көйгөйлөр, миграциялык процесстер, эмгек рыногундагы трансформациялар жана тез технологиялык өзгөрүүлөр талкууланды.

Тегерек столдун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары бул иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн социалдык камсыздандыруу мекемелеринде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү болуп жаткан өзгөрүүлөр менен таанышып, социалдык камсыздандырууну жана пенсиялык камсыздоону өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларын жана келечегин талдап чыгышты, ошондой эле инновациялык чечимдер жана бул иш-чаранын катышуучу-өлкөлөрүнүн социалдык коопсуздук алдында турган негизги маселелерди жана милдеттерди чечүүдөгү маселелер менен таанышты.