Жарыяланган 1.10.2021

1-Октябрь - Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктоо.

1-Октябрь - Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктоо.

1-Октябрь - Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктоо.

Урматтуу аталар жана энелер! Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

“Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал” деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.

Муундардын тыгыз байланышын сактоо менен аталардын улуу жолу уланат.

Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.

Кыргызстанда ар бир карыябыздын сапаттуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек. Сиздердин өрнөктүү өмүр жолуңуздар, бай тажрыйбаңыздар жана акыл-насаатыңыздар - Кыргызстандын баа жеткис байлыгы.

Кыргызстанда ушул тапта 715 миң пенсионер бар. Өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт.

Бүгүн 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланды.

Ардактуу улуу муундун өкүлдөрү! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомчулуктун сый-урматын каалайм!

Урматтоо менен,

Социалдык фонддун төрагасы                                 Жаныбек Орозалиев