Жарыяланган 28.12.2016

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кыргызстандыктарды Жаңы Жыл менен куттуктайт!

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кыргызстандыктарды Жаңы Жыл менен куттуктайт!

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бүтүндөй кыргызстандыктарды Жаңы Жыл майрамы менен кызуу куттуктайт жана чың ден соолук, бакубат жашоо каалайт!

2017-жылы КР Социалдык фонду пенсияларды өз убагында дайындоо жана каржылоо, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы түрлөрүн өнүктүрүү боюнча пенсиялык системанын бардык катышуучуларынын уюшулган өз ара аракеттешүүсү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

2017-жылы ар бир иштеген жаран Социалдык фонддун http://penscalc.sf.kg сайты аркылуу өз пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүн болжолдуу эсептеп чыгара алат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бардык пенсионерлерге жакшы маанай, бекем ден соолук, узун өмүр, жаштарга жана иштеп жаткан жарандарга–кажыбас кайрат, максатка умтулгандык жана албан-албан ийгиликтерди, ал эми үй-бүлөлөргө–бакубатчылык жана үй ичи балдарга толушун каалайт!