Жарыяланган 17.09.2021

Социалдык фонддун өкүлдөрү Казакстандын пенсия чектөө жана төлөө тажрыйбасы жана практикасы тууралуу семинарга катышты

Социалдык фонддун өкүлдөрү Казакстандын пенсия чектөө жана төлөө тажрыйбасы жана практикасы тууралуу семинарга катышты

Социалдык фонддун өкүлдөрү Казакстандын пенсия чектөө жана төлөө тажрыйбасы жана практикасы тууралуу семинарга катышты

 

2021-жылдын 9-10-сентябрында Алматы шаарында Социалдык фонддун төрагасы Ж.А.Орозалиев баш болгон Социалдык фонддун өкүлдөрү «Жарандар үчүн Өкмөт» Мамлекеттик корпорациясы » Коммерциялык эмес акционердик коому тарабынан уюштурулган Казакстан Республикасында пенсияларды, жөлөкпулдарды жана социалдык төлөмдөрдү дайындоо жана төлөө тажрыйбасын жана практикасын изилдөө боюнча семинарга катышышты.

Бул иш-чаранын алкагында Социалдык фонддун өкүлдөрү Алатау райондук калкты тейлөө бөлүмүнүн (фронт офис) жана Бостандык райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн (бэк офис) мисалында Алматынын калкын тейлөө борборлорунун ишинин уюштурулушу менен таанышышты, ал бир катар мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү камтыйт, ошондой эле Алматыдагы Социалдык кызматтар үйүнө барышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик корпорация тарабынан социалдык чөйрөдө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, маалыматтык -коммуникациялык технологияларды колдонуу, санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесси, тактап айтканда кызматтарды проактивдүү жана курама режимде көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Социалдык фонд менен Мамлекеттик корпорациянын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча эки тараптуу Макулдашууну түзүү маселесин талкуулашты, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жумушчуларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө келишимдин күчүнө киришине байланыштуу пенсиянын төлөнүшүнө мониторинг жүргүзүү жана жарандардын Кыргыз Республикасында жана Казахстан Республикасында пенсияларды бир убакта алуу фактыларын ачуу боюнча суроо каралды.

Семинардын жыйынтыгында тараптар социалдык камсыздандыруу жана пенсия жаатында мындан ары өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө макулдашышты.