Жарыяланган 27.12.2016
2016-жылдын декабрь айы үчүн пенсияны каржылоо
Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык пенсия өткөн ай үчүн төлөнөт, тагыраак айтканда декабрь айынын пенсиясы январь айында төлөнүп берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2016-жылдын 21-декабрына карата декабрь айынын пенсиясын 3265,9 млн.сом толук өлчөмүндө каржылоого жетишти.