Жарыяланган 2.12.2016

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт, дареги: 720005 Бишкек ш., Радищев көч.,62.

Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттары конкурстук документтерде көрсөтүлгөн.

Конкурстук документтерди алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: КР Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч., 62, тел.+996 (312) 543766, ошондой эле конкурстук документтер менен бул жерден таанышыңыз.

Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген  конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 10 каб.  дареги боюнча 2016-жылдын 14-декабрынын саат 15.00 чейин тапшырылышы керек.

Конкурстук табыштамалар тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет, табыштама менен бирге талапкерлер конкурстук документтерде көрсөтүлгөн кошумча документтерди тапшырышат.

Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 3-этаж, Конференц-зал дареги боюнча 2016-жылдын 19-декабрында саат 14.00дө ачылат.

Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: КР Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 10-каб., тел. +996 (312) 543766.