Жарыяланган 11.06.2021

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу.

Социалдык фонддун Окуу борбору мекемеси 2021-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын кызматкерлерине, пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу максатында лекция өткөрүлдү.

Келечектеги пенсияны түптөөгө, пенсиялык камсыздандырууга ишенимди арттырууга, заманбап маалыматтык система “электрондук өздүк кабинетин” колдонуу ыкмалары, пенсиялык топтоо каражаттарын мамлекеттик ипотекалык программага катышканда алгачкы төгүмдү каржылоого жана дарыланууга  кандай негиздер менен алуу боюнча кеңири маалымат берилип, кызыккан суроолорго жооптор берилди.

Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтарды жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жеринде уюштуруу иш-чарасына 46 кызматкер катышты.

Мындан сырткары, атайын даярдалган буклеттер таркатылды. Ушундай лекциялар мындан ары да улантыла бермекчи.