Жарыяланган 7.05.2021

Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!

Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!

Урматтуу ардагерлер жана оорук эмгекчилери !

Сиздерди Социалдык фонддун жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздердин каармандыгыңыздар, кайратыңыздар жана баатырдыгыңыздар азыркы жана келечек муун үчүн Мекенди сүйүүнүн жаркын символу болуп кала бермекчи.

Бул улуу күн өлкөдөгү көп улуттуу элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоого өбөлгө түзүп, жер шаарында тынчтыктын, бейпилдиктин орношун даңазалайт. Бул майрам тынчтыктын жана бейпилдиктин салтанаты! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш!

Согуш майданында шейит кеткендердин элесине таазим этип, мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик, ынтымак жана ырашкерлик каалайм.

Ар бирибиздин үйүбүздө жакшылык жылоолоп, Кадырман карыларыбыздын жүзүнөн бакыт нуру чачырасын жана Энелерибиздин көз жашы мындан ары эч качан төгүлбөсүн!

Сиздерге терең таазим этип,

Социалдык фонддун төрагасы  Уланбек Асанов