Жарыяланган 14.10.2016
2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү жогорулады
2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү жогорулады
2016-жылдын башына карата Социалдык фонддо катталган пенсионерлердин жалпы саны 604,8 миң пенсионерди, пенсиянын орточо өлчөмү - 4753 сомду түзөт.
Пенсионерлердин турмуш деңгээлин мындан ары колдоо боюнча максаттарга жетишүү үчүн КР Өкмөтүнүн 2016-ж. 23-сентябрындагы № 502 токтому кабыл алынды, анда 2016-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу каралган:
- 10000 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 15 пайызга, бирок 350 сомдон кем эмес;
- 10001 сомдон ашкан пенсиялар үчүн 8 пайызга.
Пенсионердин жашоо минимумунан ашкан пенсиялар үчүн (10001 сомдон жогору) камсыздандыруу бөлүктөрдү 8 % жогорулатуу сунушталды, бул КБИ өсүшүнөн жогору, жана жогорулатуунун өлчөмү 1275 сом жана андан жогору болот.
Ошондой эле 1-топтогу майыптардын пенсияларынын өлчөмүн жогорулатып үстүдөгү жылдын аягында күтүлгөн ПЖМ деңгээлине чейин жеткирүү сунушталган (2016-жылга – 4700 сом), анткени адамдардын бул категориясы коомчулук жана мамлекет тарабынан өзгөчө көнүл бурууну талап кылат.
Жогорулатуунун жыйынтыгында республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 5173 сомду түздү.
2016-жылдын 30-сентябрына салыштырмалуу жогорулатуунун орточо өлчөмү 480 сомду же өсүш-110,2%, түздү, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүнүн өсүшү 116,3% түздү.
Жыйынтыгында пенсияларды жогорулатууга жалпы жонунан 887,8 млн. сом кошумча керектелет, ал Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Үсүдөгү жылдын октябрь айынан тартып пенсионерлер пенсияларын графикке ылайык жогорулатылган өлчөмдө алып жатышат.