Жарыяланган 14.10.2016

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө социалдык камсыздоо, пенсияга тиешелүү маселелер макулдашылды

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө социалдык камсыздоо, пенсияга тиешелүү маселелер макулдашылды

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө социалдык камсыздоо, пенсияга тиешелүү маселелер макулдашылды  

 

 

Октябрь айынын башында Бишкек шаарында Социалдык камсыздоо жаатында КР Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Келишимдин долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин эксперттеринин сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду өттү. Эске салсак, өткөн жылдын март айында Түркиянын Измир шаарында. аталган Келишимдин долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттердин сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундунун жүрүшүндө Келишимдин долбоорунун негизги бөлүктөрү, анын ичинде колдонулган терминдер, аныктамалар жана пенсияга тиешелүү маселелер макулдашылды. Иш-чарада мамлекеттеги жарандардын пенсияга укугун, камсыздандыруу стажын, пенсиялардын өлчөмүн аныктоо, жеңилдетилген камсыздандыруу стажын эсепке алуу боюнча маселелер талкууланды.

 Мындан сырткары тараптардын ар биринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу Келишимдин материалдык колдонулушу тармагы, тактап айтканда камсыздандырылган адам пенсиялардын жана төлөмдөрдүн кайсыл түрлөрүнө укуктуу экендиги талкуунун негизги маселелердин бири катары каралды. Анын ичинде келишимдин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлерине, эл аралык транспорт ишканаларынын персоналына келишимдин колдонулушу  сыяктуу  укуктар каралган.

КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, ММКФ менен биргелешкен талкуунун жыйынтыктары боюнча өндүрүштө күтүүсүз кырсыктарга жана кесиптик ооруларга байланыштуу төлөмдөр, кош бойлуулук, төрөт жана  убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар, сөөк коюуга жөлөкпулдар Келишим түзгөн Тараптардын ар биринин колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык ишке ашырылаарын келишимдешти.

Иш-чарада  эксперттердин сүйлөшүүлөрү ачык, иштиктүү жана достук маанайда өттү. Асел Барыктабасова