Жарыяланган 14.09.2020

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

 

Кыргыз Республикасынын Социаллдык фонду пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттары конкурстук документтерге көрсөтүлгөн, ал КР Социалдык фондунун www.socfond.kg сайтында жайгаштырылган.

         Конкурска катыша турган башкаруучу компаниялар конкурстук табыштамаларды камсыз кылуу кепилдигин 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктык эсебине төмөнкү реквизиттер боюнча которууга тийиш:

ИНН 02904199410050

ОАО «Айыл Банк»                

р/с 1350108027307374

БИК 135001

Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62 КР Социалдык фонду, 10 каб. дареги боюнча 2020-жылдын 13 октябрынын саат 15:00 чейин тапшырылышы керек.

Конкурстук табыштамалар конкурстук документтереде көрсөтүлгөн кошумча документтер менен кошо тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет.  

Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч., 62, КР Социалдык фонду, 3-кабат, Конференц-зал дареги боюнча 2020-жылдын 16 октябрында саат 14:00дө ачылат.

Келишим түзүү мөөнөтү: конкурстун жыйынтыктарын жарыялангандан кийин 3 ай.

Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтрады алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: КР Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 10-каб., тел. +996 (312) 576400.