Жарыяланган 31.08.2020

Кыргызстандык эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!

Кыргызстандык эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Урматтуу Кыргыз элим! Барыңыздарды бүгүнкү улуу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Баарыбыз ушу бейиштей жерибизде ээн эркин, эч кимге эч качан баш ийбей көз карандысыз мамлекет болуп, күч кубаттуу бай, ошону менен бирге эне-тилибизди, каада салтты, кооз ыйык жерибизди бекем сактап кылымдарды карытып жашайлы!

Эркин желегибиз кылымдарды карыта эркин көз карандысыз желбирешин каалайм!

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай, ийгилик каалайм! Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун! Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп, ар бир үйдө тынчтык өкүм сүрсүн! Эгемендигибиз баарыбызга кут болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                          Медер Ирсалиев