Жарыяланган 16.07.2024

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-июнь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-июнь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

Социалдык фонд 2024-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 5 369,1 млн.сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 4 258,8 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,3-17,2% болгон.

2024-жылдын январь-июнь айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 220,4 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 398,3 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 6,3 млн.сом.
• башка кирешелер - 2,4 млн.сом;

Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-июнь айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 627,4 млн.сом киреше алынган.