Жарыяланган 27.04.2024

“Жашыл Мурас” улуттук акциясынын алкагында ишембилик

“Жашыл Мурас” улуттук акциясынын алкагында ишембилик

КР Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарды иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүктү ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык, КР Соцфондунун борбордук аппаратынын кызматкерлери 2024-жылдын 27-апрелиндеги ишембиликке активдүү катышты.

Социалдык фонддун 2024-жылдын 14-мартындагы № 77 “Аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде биздин кызматкерлер Бишкек шаарынын бизге бөлүнгөн эки аймакты тазалоо жана  көрктөндүрүү иштерине катышты:

-Биринчи аймакта Э.Гареев атындагы ботаникалык багында жаңы көчөттөр жана бак-дарактар ​​отургузулду.

- Экинчи аймакта Батыш Чоң-Чүй каналынын Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейинки бөлүгүндө таштандыларды тазалоо жана бак-дарактарды актоо иштери жүргүзүлүп, экологиялык абал жана аймактардын сырткы көрүнүшү бир топ жакшырды.

Бардык катышуучуларга камкор мамилеси жана шаарыбыздын абалын жакшыртууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чаралар биздин көчөлөрдүн тазалыгын жана кооздугун гана чыңдабастан, командалык духту да бекемдеп, кесиптештер арасындагы өз ара ынтымакты бекемдейт.