Жарыяланган 29.03.2024

Кыргызстан - Молдова. Кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды

Кыргызстан - Молдова. Кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды

2024-жылдын 26-28-мартында Бишкек шаарында, 2008-жылдын 23-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Молдова Республикасынын Улуттук социалдык камсыздандыруу кассасынын ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагындагы кызматташуу жөнүндө» протоколдун алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Молдова Республикасынын Улуттук социалдык камсыздандыруу кассасынын делегациясы менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун алкагында Тараптар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча тажрыйба алмашып, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн ишине өзгөчө көңүл бурушту.

Алгач, Молдова тарап «Молдова Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасы» жана «Улуттук социалдык камсыздандыруу кассасынын аймактык бөлүмдөрү» темаларында презентацияларды сунуштады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки өлкөнүн пенсиялык системасы боюнча тыгыз кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү тууралуу өз пикирлерин билдиришти.