Жарыяланган 29.03.2024

Социалдык фонддун өкүлдөрү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Социалдык фонддун өкүлдөрү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрүнүн Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен ВКС режиминде (РФ региондору үчүн) жана түз сүйлөшүүлөр форматтында (Москва жана Москва облусу үчүн) жолугушуулары өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун ченемдери түшүндүрүлүп, Кыргызстанда да, Россияда да пенсия дайындоо шарттары кеңири талкууланып, пенсиянын россиялык бөлүгүнө укук алуу максатында РФда мыйзамдуу ишке орношуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыктары боюнча маалымат берилди. Тактап айтканда, маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюлган учурда пенсияларды дайындоо үчүн маалыматтарды алмашуу тартиби тездетилиши айтылды. Мындан тышкары, кыргыз тараптын пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун жаңы, кошумча долбоорун түзүү демилгеси жөнүндө маалымат берилди жана анын алкагында пенсияга укукугун аныктоо үчүн жеке пенсиялык коэффициенттин эсеби жана пенсиянын экспорттоо маселелери такталаары мүмкүн экендиги айтылды.

Жалпысынан алганда, биздин мекендештер пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон  документтер, мыйзамдардын нормалары, камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу түрдө кошумча төлөө жөнүндө маселелерге көнүл бөлүштү. Анан ичинде, документтерди мыйзамдаштыруу, эмгек стажын эсепке алуу жана Россиядан көчүп кеткен учурда пенсияларды кайра карап чыгуу суроолорго кызыкдар болушту.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча диаспоралардын лидерлери пенсиялык камсыздоо боюнча маалыматтык брошюраларды кошумча чыгаруу жана келечекте мындай жолугушууларды дайыма өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышты.