Жарыяланган 29.03.2024

Социалдык фонд мигранттарды татыктуу пенсия менен камсыздоого кам көрүүдө

Социалдык фонд мигранттарды татыктуу пенсия менен камсыздоого кам көрүүдө

2024-жылдын 25-26-мартында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Тараптар 2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу маселелерин жана 2020-жылдын 23-декабрында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин №122 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын, компетенттүү органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда аталган Макулдашуунун ченемдерин колдонуу боюнча өз ара аракеттенүү тартибин талкуулашты.

Тактап айтканда, өз ара аракеттенүүнүн алкагында формулярлардын  жөнөтүү зарылдыгынын конкреттүү учурлары деталдуу талкууланды. Мындан тышкары, пенсионер көчүп кеткенде пенсиялардын ашыкча төлөнгөн суммаларынын келип чыгышына жол бербөө боюнча кандай иштер жүргүзүлөөрү боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан толук пропорционалдык принциптин негизинде пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө эки тараптуу макулдашууну түзүү сунушталды, мында пенсияга укукугун аныктоо үчүн жеке пенсиялык коэффициенттин (мындан ары - ИПК) зарыл болгон өлчөмү жетишпеген учурда Макулдашууга катышкан мамлекеттердин аймагында 2021-жылга чейин да, андан кийин да алынган иш стажынын ар бир жылына бир ИПКнын чоңдугун эсепке алуу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.

Социалдык фонд тарабынан аталган Макулдашуунун долбоору даярдалып жана андан ары Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына кароо үчүн жиберилет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюунун алдын ала мөөнөттөрү сүйлөшүлдү.

Келишим долбоору ишке ашырылса, пенсия дайындоо үчүн формулярларды жана башка документтерди жөнөтүү мөөнөтү кыйла кыскарып, бул эмгекчилердин пенсиялык камсыздоосуна оң таасирин тийгизерин белгиленди.

 Сүйлөшүүлөр ишкердик жана ачык маанайда өттү.