Жарыяланган 26.03.2024

Министрликтерде, мекеме-ишкана, уюмдарда пенсия тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү окутуу иштери жүргүзүлүүдө

 Министрликтерде, мекеме-ишкана, уюмдарда пенсия тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү окутуу иштери жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окуу борборунун адистери тарабынан пенсиялык социалдык саясатты алдыга жылдыруу, колдоо иретиндеги жана пенсия тууралуу сабаттуулукту арттыруу үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштери тынымсыз уланууда.  Атап айтсак «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун окуу жана методология сектору менен алдын ала түзүлгөн графиктин негизинде почтанын шаардык, райондук бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлерге пенсия тууралуу окуулар өтүлдү. Өмүр боюу кыргыз почтасында эмгектенип, өтө аз өлчөмдө пенсияга чыккандары менен азыркы пенсиялык реформалардан улам, пенсияларынын көбөйүп жатканын кубануу менен белгилешти. Ошондой эле пенсия таратууда дагы почта кызматкерлеринин аткарган иштери түйшүктүү жана өз маанилүүлүгүн жогото элек. Ал эми КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде эмгектенгендер, "пенсияга кантип чыга алабыз, топтомо фонду деген эмне, келечекте пенсияны кантип көбөйтүү керек, эмнеге жаран каза болсо камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен төгүмдөрү кайтарылбайт, эмне үчүн топтомо бөлүгүн башка шарттарда алууга болбойт?" - деген суроолоруна адистер тарабынан так жоопторду алышты.

Ушундай эле багыттагы окуулар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жана К.Баялинов атындагы балдар китепканасынын эмгек жамаатында дагы улантылды. Окууга катышкандар, маселелерде жообу табылбай, социалдык фондко барганга убактылары ченелүү болгондуктан, ушундай окуулардын болуп турушу азыркы учурда зарыл экенин билдиришти. Бул тармактарда пенсия курагында иштегендер арбын, алар өз кесибинин мыктылары. Дайыма маалымдар болуп туруу менен бирге алардын кызыктуу суроолору дагы арбын болду.

КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жана Энергетика, Юстиция, Билим берүү жана илим министрликтеринде дагы пенсия тууралуу абдан кызыктуу лекциялар окулду. Министрликте эмгектенген жаштар үчүн дагы маанилүү болгон маалыматтар айтылып, түшүнбөй жүргөн суроолорго жооптор берилди. Жалпы элге кызыктуу болгондой эле пенсияга чыгарда стажылар кандай эсептелинет, жетпей калса кантип толуктасак болот, топтомо бөлүктөгү акчанын суммасын котортуп алып үй алса болобу, шарттары кандай деген суроолор кызыктырды. Аталган министрликтер мындан ары дагы окуулар боюнча кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

КР УИАнын кадр маселелерин, профсоюз ишмердигин, жаштар кыймылдарын тейлеген илимий-изилдөө институттарынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окуу борборунун  өкүлдөрү менен жолугушуп, пенсия тууралуу маалыматтар талкууланды. Анда калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлерине “Жарандарды пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу элге маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Окуу борборунун адистери: аны кантип индекстөө керек, пенсияны ипотекалык кредиттөө үчүн ким пайдалана алат, МТФП каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга мүмкүндүк берген оорулуулардын тизмесинин болушу, ЕАЭБ мамлекеттеринин, Түркия Республикасынын, Корея Республикасынын эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууга кол коюу менен мигранттардын укуктарын жана пенсияларын коргоо жөнүндөгү малыматтарды кеңири айтып беришти. Жогоруда айтылган бардык маалыматтардын негизинде кызыктырган суроолорго  жооптор алынды. «Пенсиялык система мамлекеттин экономикалык, коомдук-саясий турмушу жана финансылык-бюджеттик чөйрөсү менен тыгыз байланышта болгондуктан, социалдык кызмат бөлүмү тарабынан мындай түшүндүрүү семинарларын өткөрүү дайыма өз убагында болуп тургандыгы колдой турган көрүнүш»,-дейт КР УИАнын кызматкерлери.

Ошондой эле шаарыбыздагы «Кыргыз темир жолу» «УК» МИнин маалыматтык эсептөөнү камсыздоо филиалында, “Кыргыз темир жолу” “УК” МИнин Электр энергиясы сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалында жана Жүктөө түшүрүү иштерин камсыздоо филиалында окуулар өтүлдү. Ошондой эле КР Улуттук электр тармактар станциясында жана «Кыргыз Почтасы» ачык акционердик коому ишканасынын тармактарында эмгектенген жамааттарга  дагы кенен лекциялар окулду.