Жарыяланган 29.02.2024

Кандай учурларда пенсия ишеним кат боюнча төлөнөт?

Кандай учурларда пенсия ишеним кат боюнча төлөнөт?

Пенсионердин каалоосу боюнча пенсия Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү ишеним кат боюнча төлөнүшү мүмкүн.

Аталган пенсия жарактуу мөөнөтү бир жылдан ашып кеткен ишеним кат боюнча берилген ишеним каттын жарактуулугу жыл сайын ырасталган шартта ишеним каттын бардык мөөнөтүндө төлөнөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин пенсионер инсандык күбөлүгү менен пенсия алуу үчүн өзү келип жаңы ишеним кат көрсөтүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 203-беренесинин 3-пунктуна ылайык ишеним кат нотариалдык органдар, айыл өкмөттөрү, стационардык дарыланууда болгон учурда ооруканалардын башкы дарыгерлери, түзөтүү мекемелеринин башчылары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте берилет.

Кыргыз Республикасынын элчиликтери жана башкы консулдуктары тарабынан берилген ишеним кат да пенсия төлөө үчүн кабыл алынат.

Пенсия алууга арналган чет өлкөдө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ишеним кат берген адам тарабынан жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот, бирок анын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөсө, 3 жылдан ашпайт. Ишеним каттар расмий тилге которулушу керек.