Жарыяланган 27.02.2024

Пенсионерлердин Элкарт “Пенсионердин картасы” банктык картасынын мөөнөтү өтүп кетсе, кайда кайрылууга болот?

Пенсионерлердин Элкарт “Пенсионердин картасы” банктык картасынын мөөнөтү өтүп кетсе, кайда кайрылууга болот?

Эгер пенсионердин Элкарт “Пенсионердин картасы” банк картасынын мөөнөтү бүтүп калса, банктын башкы кеңсесине же банктын тиешелүү филиалдарына кайрылуу керек.

Социалдык фонд менен коммерциялык банктардын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык пенсия алуучуларга колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу “Пенсионердин картасы” Элкарт картасынын чыгаруу жана аны кайра чыгаруу акысыз негизде жүргүзүлөт.