Жарыяланган 22.02.2024

2024-ж. январь айында Соцфонддун Call-борбору 1419 кайрылууну кабыл алды

2024-ж. январь айында Соцфонддун Call-борбору 1419 кайрылууну кабыл алды

2024-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна 1419 чалуу келип түшкөн, анын ичинен 894 кирүүчү чалуу жана онлайн-офлайн режиминде веб-сайттагы чат аркылуу 525 чалуу. Кайрылуулардын көбү пенсияларды чектөө, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге тиешелүү болгон.

Социалдык фонд мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия маселелери боюнча кесипкөй жардам жана консультацияларды көрсөтөт. Call-борборуна кайрылуу үчүн 1202 кыска номерин колдонуңуз.

Социалдык фонддун Call-борборунун квалификациялуу адистери көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялар боюнча кесипкөй жардам көрсөтүүгө жана кеңеш берүүгө даяр.