Жарыяланган 19.02.2024

Кыргыз Республикасынын жарандары башка өлкөгө туруктуу жашоого кеткенден кийин пенсия төлөнөбү?

Кыргыз Республикасынын жарандары башка өлкөгө туруктуу жашоого кеткенден кийин пенсия төлөнөбү?

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жарандарга пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулар (келишимдер) түзүлбөгөн мамлекеттерге туруктуу жашоого кеткенге чейин Кыргыз Республикасында чектелген пенсия чет өлкөгө кетерде кайрылган айды эске алганда 3 айлык пенсиясы төлөнөт.

Пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө эл аралык келишимдер түзүлгөн мамлекетке туруктуу жашоого кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына чектелген пенсия, эгерде эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөгө туруктуу жашаганга кетип жаткандыгына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына арыз берген ай боюнча төлөнөт.

1992-жылдын 13-мартында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга ылайык пенсионер Макулдашууга катышкан мамлекеттердин чегинде көчкөндө учурда эгерде ошондой эле пенсия пенсионердин жаңы жашаган жери боюнча мамлекеттин мыйзамдарында каралган болсо мурдагы жашаган жери боюнча пенсия төлөө токтотулат.

2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун алкагында чектелген пенсиялар эмгекчинин (үй-бүлө мүчөсүнүн) тандоосу боюнча дайындаган мамлекеттин аймагында  же жашаган мамлекеттин аймагына которуу аркылуу төлөнөт.