Жарыяланган 16.02.2024

Жеке камсыздандыруу эсеби Жеке камсыздандыруу эсеби менен кантип таанышууга/алууга болот?менен кантип таанышууга/алууга болот?

Жеке камсыздандыруу эсеби Жеке камсыздандыруу эсеби менен кантип таанышууга/алууга болот?менен кантип таанышууга/алууга болот?

“Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык камсыздандырылган адам жашаган жери же иштеген жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтарды алууга укуктуу.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду камсыздандырылган адамдарга жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтарды жылына бир жолу акысыз жиберип турат.

Ошондой эле жеке камсыздандыруу эсебинен маалымат камсыздандырылган адам электрондук дарегин көрсөтүп Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун socfond.kg порталында мамлекеттик кызмат алууга катталган учурда жарандарга электрондук түрдө берилет, анын жардамы менен камсыздандырылган адам каалаган убакта интерактивдүү режимде жеке камсыздандыруу эсебине кире алат.

КР Соцфондунун socfond.kg порталындагы жеке кабинетине кирүү үчүн жаран Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылып, булут электрондук кол тамгасын алуу үчүн каттоого арызын тапшырышы керек. . Ошондой эле Тундук тиркемесин колдонуп, жеке камсыздандыруу эсебиңизден көчүрмө ала аласыз.