Жарыяланган 7.02.2024

Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:

1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:
• “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:
• Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

3. Мураскорлор:
• Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

 

4. Аскер кызматкерлерине төлөө:
• Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

5. Ипотекалык насыялоо:
• Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

6. Жумушсуздук:
• Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

7. Оор ооруларды дарылоо:
• Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. (оор оорулардын тизмесине ылайык шилтеме: https://www.instagram.com/p/Czs7j-PsF93/?img_index=1).

01.02.2024-жылга карата Статистика:
Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны-197 316 адам (3275,8 млн. сом суммасында), анын ичинде:
- Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө - 177 173 адам (1 876,6млн. сом);
- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө - 3 809 адам -177,7 млн. сом);
- Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө-10 204 адам - 254,1 млн. сом);
- Аскер кызматчыларына төлөө - 850 адам (7,1млн.сом);
- Ипотека боюнча баштапкы төгүм - 349 адам (69,1 млн.сом.);
- Ипотекалык насыяга төлөө - 4 415 адам (839,6 млн.сом.);
- Турак жайды ижарага алуу (“МИК” ААК каржылайт) - 58 адам (6,2 млн. сом);
- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган - 170 адам (2,7 млн.сом.);
- Оор оорулар - 288 адам (42,7 млн. сом).

Биз пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга, ар кандай шартта жана кырдаалда жарандарга колдоо көрсөтүүгө умтулабыз.

Токтомго шилтеме:
https://cbd.minjust.gov.kg/93993