Жарыяланган 2.02.2024

КР СОЦФОНДУНАН МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

КР СОЦФОНДУНАН МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

Урматтуу жарандар!

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду билдирет.

Интернет баракчаларда Кыргызстанда "пенсия курагы жогорулайт" - деген жалган маалымат таратылууда. Биз бул маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз. Бүгүнкү күндө  пенсия курагын жогорулатуу боюнча эч кандай өзгөртүүлөр жок. Мыйзамга ылайык эркектерге 63 жаштан, аялдарга 58 жаштан – пенсия чектелет. Ошондуктан, Социалдык фонд мындай пенсияга байланыштуу расмий эмес булактардагы маалыматтардын жалган экенин, бул жарандарды адаштырууга багытталганын маалымдайбыз.

Ошондой эле, пенсияга байланыштуу маалыматтарды алууда расмий маалымат булактарына гана таянууну суранабыз. Пенсия курагына байланыштуу мыйзамдарга киргизилген ар кандай өзгөртүүлөр расмий булактарда, мисалы, КР Соцфондунун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана башка расмий каналдарда жарыяланат.