Жарыяланган 31.01.2024

Пенсия темасын чагылдыруу: ЭлТРдин журналисттери пенсиялык система тууралуу кеңири маалымат алышты

Пенсия темасын чагылдыруу: ЭлТРдин журналисттери пенсиялык система тууралуу кеңири маалымат алышты

КР Соцфондунун “Окуу борбору” мекемесинин кызматкерлери “ЭлТР”  телеканалында эмгектенген жалпы журналисттер жамаатына пенсия тууралуу маалыматыбыз менен бөлүшүп, суроолоруна жооп беришти.

Келечекте пенсияларыбыз кандай болот, канча менен чыгабыз жана ипотекага үй алуу үчүн топтомо фондунан котортуунун шарттары кандай болууда деп, ушул багыттагы көп суроолорун берип, жоопторду алышты.

Журналисттер кесипке берилгендигин баса белгилешип, Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн үзгүлтүксүз төлөп турушат жана келечекте пенсиялары татыктуу болоруна ишеним билдиришти.

Окулган лекция абдан пайдалуу болгонун, мындан ары кызматташуу уланарын дагы айтышты.