Жарыяланган 27.01.2024

Мугалимдер ипотекага үй алуу үчүн “топтомо пенсия” тууралуу кенен маалымат алышты

Мугалимдер ипотекага үй алуу үчүн “топтомо пенсия” тууралуу кенен маалымат алышты

“Келечек” жаңы конушундагы №87 орто мектебинин мугалимдер жамаатына кезектеги лекциябызды окудук.

Тактап айтсак шаарыбыздагы бардык орто окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдин негизинде пенсиялык сабаттуулукту арттыруу максатындагы иш-чараларды тынымсыз өткөрүлүүдө.

Билим ачкыч ээлери болгон мугалимдердин дагы айлыктары көбөйүп, эмгек стаждары боюнча пенсияга чыгуунун жолдорун эрте билип алуулары керек.

Бүгүнкү окуунун жүрүшүндө дагы пенсияга байланыштуу кызыктуу суроолорун беришти. Өзгөчө соцфонддун топтомо фондундагы топтолгон каражат туурасында маалыматыбызга кызыкдар болушту.

Кантип акчалай алсак болот, ипотекага төгүш үчүн каалаган убакта акчалай алсак болобу, деген суроолорго кенен алышты.