Жарыяланган 23.01.2024

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 87 адамды түзөт, алардан 78 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 9 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 4200 АКШ долларын түздү.