Жарыяланган 12.01.2024

Кыргызстан менен Кытай социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында жаңы кызматташууну макулдашты

Кыргызстан менен Кытай социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында жаңы кызматташууну макулдашты

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Кытай Эл Республикасынын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлиги мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашууга жетишти.

2024-жылдын 11-январындагы жолугушуунун жүрүшүндө жаңы Макулдашуунун деталдары, анын ичинде аны кароо мөөнөттөрү талкууланды.

Тараптар ошондой эле 2003-жылдан бери кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында биргелешкен иштерди жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу достук жана ишкердуу кырдаалда өттү.