Жарыяланган 10.01.2024
Соцфондго 2023-жылдын январь-декабрь айларында 9599 кайрылуулар келип түшкөн
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-декабрь айларында 9599 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:
- жазуу түрүндө кайрылуулар – 472;
- ооз эки кайрылуулар – 1136;
- КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 139 жаран;
- ишеним телефондор аркылуу – 5201;
- уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2651.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:
- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
- пенсияларды индексациялоо тууралуу;
- пенсияга укугу боюнча;
- пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
- пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
- КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.